Бишкектин четиндеги Чоюбек уулу Керималы мечитине жаңы шарттар түзүлдү

Бишкек шаарындагы Чоюбек уулу Керималы мечитинин имам хатиби Майрамбек Маматовдун демилгеси менен мечитте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Учурда жарандар үчүн даараткана жаңыланып, мечиттин айланасы тосулган.

«Мечит шаардын четинен орун алган. Биз жергиликтүү жамаат менен биргеликте мечитти жаңылап, жарандарыбыздын ибадат кылуусу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүгө аракет жасап келебиз»,-деди мечит имамы.

Эскерте кетсек, Чоюбек уулу Керималы мечитинин имам хатиби Майрамбек Маматов 2018-жылдагы жигердүү иш аракеттери үчүн Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун мактоо баракчасына татыган.