Өрттүн кесепетинен жабыркаган «Ыйман» мечитинде оңдоо иштери башталды. Мечит элдин колдоосуна муктаж

Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечитин калыбына келтирүү максатында оңдоо жана тазалоо иштери башталды.

«Мечиттин үстүңкү кабаты толугу менен күйүп кетсе дагы биздин жергиликтүү жамаат беш убак намазды жана жума намаздарын ар дайым  окуп келдик. Жарандарыбыз үчүн мечиттин алдыңкы кабатында атайын орун даярдаганбыз. Эми демөөрчүлөр тараптан чогулган 7 000 АКШ долларына оңдоо иштери башталат»,-деди мечит имамы Ниматуула ажы Рыскулов.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын май айындагы тилсиз жоодон мечит толугу менен күйүп кеткен.