Талас районунун имамдарына 3 күндүк окуу семинары башталып, дин кызматкерлери компьютерде иштөөнү дагы өздөштүрүшүүдө

Талас шаарындагы “Али ибн Аби Толиб” медресесинде Талас районунун имамдары үчүн атайын  3 күндүк окуу семинар башталды. Семинар Талас районунун баш имам хатиби Канатбек  Жолдошбек уулу тарабынан демилгеленип, анын алкагында айыл имамдары өздөрүнүн билимдерин жогорулатышууда.

3 күндүк окуу семинарынын жүрүшүндө имамдар үчүн Куран, тажвид, акыйда, фикх, хадис жана компьютерде иштөөнү өздөштүрүү сабактары киргизилген.

“Бул окуу семинары имамдар үчүн абдан пайдалуу болгондуктан жылыга окутуп, элеттеги дин кызматкелеринин билимдерин жогорулатып келебиз”,-деди райондун баш имам хатиби.

Окуу семинарынын алгачкы күнү Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев имамдардын коомдогу орду жана  милдеттери боюнча сабак өтүп, аларды жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.