Жалал-Абадда өткөн азанчылардын облустук туру жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан уюштурулган азан айтуу конкурсунун облустук туруна 21 азанчы катышты. Сынак Жалал-Абад шаарындагы Имам Бухарий жума мечитинде өтүп, анда азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткандыгы каралды.

Азан айтуу сынагындагы калыстар тобунун  курамы:

  1. Сынактын төрагасы: Рахматулла кары Басиров
  2. Калыс: Бакир кары Атабаев
  3. Калыс: Мухаммадияр кары Курбанбаев
  4. Калыс: Имамназар кары Атаназаров
  5. Калыс: Нурали кары Жолдубаев
  6. Калыс: Алибек ажы Батыралиев
  7. Калыс: Немат ажы Жээнбеков

Азанчылар арасында өтткөн конкурстун жыйынтыгында Азизов Алишер Тахирович 1-орун жана   I-даражадагы диплом  менен 8000 сом, Туратов Медетбек Абдыбахапович 2-орун жана  II-даражадагы диплом  менен 6000 сом, Исаков Руслан Маматжанович  3-орун жана  III-даражадагы диплом  менен 4000 сом сыйлыкка ээ болушуп, азанчылардын республикалык туруна жолдомо алышты. Ал эми калгандары акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, буга чейин конкурстун 1-этабы район, шаарларда өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылгандар облустук турга жолдомо алышкан.