Ысык-Көл облусундагы 53 имам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан окутулууда

Ысык-Көл облусундагы 53 имам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан окутулууда. 3 күндүк окуу курсу Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда өтүп, анын алкагында дин кызматкерлери Исламдагы адептүүлүк, ыйманды күчөтүү, имамдын өзгөчөлүктөрү жана сыпаттары, Абу Ханифа мазхабынын санжырасы, хутба айтуу чеберчилигин жакшыртуу темалары боюнча билим алышууда.

Имамдар үчүн уюштурулган окуу курсуна Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Кувейттеги “Ихя Турос Ислами” фондунун өкүлү шейх Аатиф Иброхим катышып, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

“Имамдарыбызга дайыма окуу курсун уюштуруп, алардын билим деңгээлдерин көтөрүп келебиз. Бул окуу курсунда алыскы аймактагы имамдарыбыз билим алышууда”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Эскерте кетсек, имамдардын окуу курсу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан уюштурлуп, “Исар” фонду көмөк көрсөтүүдө.