Ош облустук казыяты райондук хатибияттардын иш кагаздарын текшере баштады

Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов баштаган казыят кызматкерлери региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Араван райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш кагаздарын  талаптагыдай жүргүзүүсүн текшеришти. Текшерүүнүн  жүрүшүндө Араван районунун башкы имам хатиби Иквалидин Отажанов хатибияттын номенклатуралык иш кагаздарын жүргүзүү жана мечит имамдарынын өздүк делолорунун даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды. Мындан сырткары хатибиятта кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар жана материалдык техникалык камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү каралып, “Орто” деген баа берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында башкы имам хатипке иш кагаздарын жүргүзүүдөгү электрондук кат алышуу системасын жолго кою, өздүк делолордун жана жалпы документтердин электрондук базасын түзүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле жалпы кемчиликтерди жою жана коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт берилди.

Эскерте кетсек, Араван райондук хатибияты район аймагындагы 116 мечитти көзөмөлгө алып иштейт.