Нарын казыяты имамдарды окута баштады

Нарын облусунун 5 районунан 10 имам хатиб облустук казыят тарабынан уюштурулган 10 күндүк окуу курсунда билим ала баштады. Окуу курсунда имамдар Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун эрежелери, акыйда сабактарын окушууда.

Имамдардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулган окуу курсу Нарын облусунун мусулмандар казыятынын 2019-жылдагы иш планында каралып, учурда биринчи айлампасы башталды.