Бишкектеги Абдулла Салих мечитинин имамы калаадагы балдарды реабилитациялоо борборуна барды

Бишкек шаардык казыятына караштуу Абдулла Салих мечитинин имамы Жакып  ажы Кайымов мечиттин жергиликтүү жамааты менен биргеликте калаадагы балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун социалдык жатаканасына барып, бадардын ал жайынан кабар алды.

«Жетимдерди зыярат кылуу, алардын башынан сылоо Ислам дининде эң сооптуу иштерден болуп саналат. Жалпы мусулмандардын жол башчысы, ааламдардын сыймыгы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) жетим болуп чоңойгон. Жетимдерге жакшы мамиле жасоого ар дайым буюрган»-деди Абдулла Салих мечитинин имамы.