Сокулук районунун Төрт-Күл айылындагы мечитке жылуулук системасы киргизилсе, Төш-Булак айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өттү

Сокулук районунун Төрт-Күл айылындагы  Муса мечитине жылуулук системасы киргизилди. Төрт-Күл айылынын имамы Абдимиталип Жалалов жергиликтүү жамаат менен биргеликте 35 миң сом чогулуп, бул каражатка мечиттин ичине жылуулук мешин орнотушкан.

Ушундай эле мечитти жылытуу, оңдоп-түзөө иштери Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан Жабал мечитине өтүп, демөөрчүлөр жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы жайнамаз төшөп беришкен.

«Төш-Булак айылындагы Жабал мечитине заманбап даараткана, ысык суу, душ жана жаңы жайнамаз салынса, Төрт-Күл айылындагы  Муса мечитине жылуулук системасы киргизилди»,-деди райондун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.