Кара-Суу районунда ысырапкерчиликти токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө ысырапкерчиликтин алдын алуу   боюнча профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү.  Иш чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Аширбаев, Кара-Суу райондук ИИБнин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары, аксакалдар, жаштар жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Түшүндүрүү иши мекенди сүйүү, патриоттук сезимдерди ойготуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу жана ысырапкорчулукту болтурбоо максатында өткөрүлгөн.

Эл менен болгон жолугушуу алкагына ысырапкерчиликти жою жана спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу боюнча жергиликтүү аксакалдар жана жаштар демилге көтөрүшүп, ысыраптын элге тийгизген зыяны жөнүндө жана арактын кесепети боюнча маселелерди ортого коюшту. Ошондой эле жергиликтүү жаштар “Келечек жаштардын колунда!”, “Спирт ичимдиктеринин сатылышына каршыбыз!”, “Ысырапкорчулукка жол жок!”  деген ураан менен өздөрүнүн жана элдин ден-соолугуна, саламаттыгына жана келечегине болгон камкордугун билдиришти.

Ал эми Ош облусунун казысынын орун басары “Ичкиликтин жана ысырапкерчиликтин кесепети” темасында баяндама жасап, жалпы элди жаштарды адеп-ахлактуу тарбиялоого жана коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү жоюга активдүү катышууга чакырды.

«Акыркы кездерде иликтөөлөр көрсөткөндөй өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын өсүп жатышы, өз жанын кыйгандар токтобой жаткандыгы, жалпыбызды тынчсыздандырууда. Ошондуктан коомчулуктун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жаш муундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калыптанып келе жаткан балдардын көз караштарын оң жакка буруу негизги максатыбыз болуп саналат. Бул маселеде баарыбыз активдүү катышууга милдеттүүбүз” –деди Орунбаев.

Иш чарага келишкен өкүлдөр өздөрүнүн үлгүлүү акыл насааттарын айтышып, мектеп окуучулары жана жаштар менен жакындан баарлашышыты. Айта кетсек, ушундай профилактикалык иш чаралар Ош облусунун башка райондорунда өткөрүлмөкчү.