Дордойдогу Стамкул ата мечити толугу менен реконструкцияланууда. Эми жарандар үчүн жакшы шарттар түзүлөт

Бишкек шаардык мусулмандар казыятына караштуу Стамкул ата мечити кеңейтилүүдө. Учурда мечит толугу менен реконструкцияланып, жарандардын талабына ылайыкталууда.

«Мечит «Дордой» базарында жайгашкандыктан намаз окууга келген жарандарга орундар жетишпей келген. Айрыкча жума күнү абдан чоң маселе жаралат. Ошондуктан демилгечилердин аракети менен учурда мечит эки кабат болуп чоңойтулууда.  Буюрса бир айдын ичинде  толук бүтүрүүгө аракет жасап жатабыз»,-деди Стамкул ата мечитинин имамы Сыражидин ажы Шайдуллаев.

Эскерте кетсек, Стамкул ата мечити «Дордой» базарынын аймагында 10 жылдан бери кызмат кылып келет.