Муфтияттын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун казысы менен жолугушуп, казыяттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты

Бүгүн, 5-январда 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү, КМДБнын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурбек ажы Исманов,  КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров менен жолугушуп, облустагы ажылык ишин уюштуруу боюнча пикир алышты. Муну менен катар тараптар облус аймагындагы диний абал, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алышып, казыяттын жаңы имаратынын курулушу менен таанышып чыгышты.

«Буюрса, казыяттын жаңы имараты 2019-жылы демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүтөт деген чоң үмүттөбүз. Муну менен катар учурдагы көйгөй болуп жаткан үй-бүлөнүн бузулушу боюнча казыят атайын колдонмо куралдарды иштеп чыгып, ар бир баш кошкон жаңы үй-бүлөлөргө түшүндүрүү ишин жүргүзө баштадык. Бул өз кезегинде жакшы натыйжа берет деген үмүттөмүн»,-деди облус казысы.