Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунан ажылык сапарга катталган талапкерлердин документтери текшерилүүдө

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Жалал-Абад шаарынан ажылык сапарга катталган жарандардын өздүк делолорун текшеришти. Текшерүү учурунда документтердин талапка ылайык электрондук системага киргизилгендиги каралып, операторлордун ишмердүүлүгү  көзөмөлдөндү.

«Бүгүнтөн тарта Жалал-Абад, Ош, Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы ажылардын талапка ылайык катталгандыгы боюнча текшерүү иштери башталды. Ушундай эле текшерүү иши Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунда жүргүзүлмөкчү»,-деди КМДБнын ажылк-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Муну менен катар текшерүү учурунда операторлорго документтердин тактыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга атайын эрежелер боюнча сабак өтүлдү.

Жалал-Абад, Ош, Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы ажылардын документтерин текшерүү ишине КМДБнын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурбек ажы Исманов, БТК төрагасы Жунус ажы Саранов, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Шүкүр Шерматов, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адистери катышууда.