Жалал-Абад казыяты үй-бүлө очогун сактап калуу максатында атайын буклет даярдап, турмуш курган жаштарга таратууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен “Үй бүлө куруу-бактылуу болгула!” аттуу буклет даярдалып, аны турмуш курган жаштарга таратуу иши башталды. Аталган иш чара алгач турмуш жолуна кадам таштаган жаш үй-бүлөлөрдөн башталып, ага Жалал-Абад шаарындагы жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүн башчысы Айнура Асанбаевна менен казыяттын фатва бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев катышты.

Иш чара үй-бүлө баалуулуктарын сактап калуу жана ажырашууга жол бербөөгө багытталып, казыяттын фатва бөлүмүнүн адиси аял менен эркектин милдеттерин түшүндүрүп берди.

«Үй-бүлө-бул кичинекей мамлекет. Андыктан турмуш жолуна кадам таштагандан кийин оор мезгилдер келсе сабырдуу болуп, бири-бирин түшүнгөндө чоң ийгиликке жетишет. Андыктан үй-бүлө курдум деген соң, дайыма жоопкерчиликти сезе билип, ажырашууга жол бербеши керек»,-деди Арпидин ажы Жороев.

Ал эми казыят тарабынан даярдалган “Үй бүлө куруу-бактылуу болгула!” аттуу буклетте  үй-бүлө баалуулуктары, нике, аял менен эркектин милдеттери, талак жана анын мааниси, махр (калың), гусул жана даарат, бала эмизүү, ошондой эле бала тарбиясы туурасындагы маалыматтар жазылган.

Эскерте кетсек, “Үй бүлө куруу-бактылуу болгула!” аттуу буклет эми ар бир район-шаардын имамдарына таратылмакчы.