Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жалпы мусулмандарды Эртең, 9-февралда өрттөн жабыркаган «Ыйман» мечитин тазалоо ишине катышууга чакырды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов ордо калаадагы «Ыйман» мечитин калыбына келтирүү иштери менен жеринде таанышты.

Шаар казысы өрт кырсыгынан жабыркаган «Ыйман» мечитин оңдоо жана  тазалоо иштерине катышып, бул мечит Жараткан Алла Тааланын жардамы менен кыска аралыкта калыбына келе тургандыгын билдирди.

Эртең, 9-февралда жалпы мусулмандарды «Ыйман» мечитин тазалоо иштерине катышууга чакырам. Мечит Алланын үйү жана соопту иштерди аткарууга шашылалы»,-деди шаар казысы.