Баткен облусунан ажылык сапарга катталган талапкерлердин документтери текшерилди

Баткен облусунан ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталган жарандардын документтери текшерилди. Муну менен катар 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү ажылыкка каттоо жүргүзүшкөн операторлордун ишмердүүлүгү  менен жеринде таанышып чыгып, документтерди талаптагыдай кабыл алгандыгына саресеп салышты.

«Текшерүү учурунда операторлорго документтердин тактыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга атайын эрежелер боюнча маалымат берилди»,-деди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиеев.

Баткен облусундагы ажылыкка катталган талапкерлердин документтерин текшерүү ишине  борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси жана казыят өкүлдөрү  катышты.