Жайыл районунун Ак-Башат айылынын имамы айылдагы жаштардын машыгуучу залына барып, жаш спортчулар менен жолугушту

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын имамы Замир Икромбаев айылдагы жаштардын машыгуучу залына барып, жаш спорт чеберлери менен жолугушту.  Жаш спортчулар менен жолугушуу алкагында айыл имамы ыйман, адеп-ахлак, тарбиянын орду жана ата-энеге, мекенге кызмат кылуу боюнча баяндама жасады.

«Жаштар биздин келечегибиз болсо, спорт-бул бекем ден соолук. Андыктан биз өз учурунда ден соолугубузду бекемдеп, ошол эле учурда ыйманыбызды, адебибизди жана жүрүм-турумубузду жакшыртышыбыз керек»,-деди айыл имамы.