Оштогу «Абдыжапар» Ислам институтуна жаңы проректор дайындалды

Кара-Суу районунда жайгашкан «Абдыжапар» Ислам институтунун ректору  Нурбек кары Орунбаевдин чечими менен институтта проректорлук кызмат орду түзүлүп, ректордун буйругу менен бул кызматка Алтынбек Туйчиев дайындалды. Нурбек кары Орунбаевдин айтымында аталган чечим институтту өнүктүрүү, санариптештирүү жана заман талабына ылайык иш-аракеттерди ишке ашыруу максатында чыгарылган. Ошондой эле проректорго институттун жалпы окуу системасына жана финансылык-чарбалык иштерге көзөмөл жүргүзүү, окуу программасынын мамлекеттик стандартка ылайык ишке ашуусун камсыздоо жана жаңы технологияларды колдонуп, сабак өтүү системасын калыптандыруу милдеттери жүктөлгөн.

Жаңы дайындалган проректор Алтынбек Туйчиев 1982-жылы Кара-Суу районунун Кыш-Абад айылында төрөлгөн. Диний жана светтик жогорку билимге ээ. “Абдыжапар” Ислам институтун “Араб тили жана шарият” адистиги жана Ош мамлекеттик юридикалык институтун “Юриспруденция” адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 2012-2014-жылдары Ош-Тазалык муниципалдык ишканасында абоненттик бөлүмдүн башчысы болуудан баштаган. 2014-жылы Ош шаардык транспорт агенттигинде башкы адис, 2014-2015-жылдары Ош облустук ИИБнын 10-бөлүмүнүн штаттан сырткаркы кызматкери, 2015-жылдан Ош шаарындагы “Аль-Имран” мечитинде имам-хатиби болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.