2019-жылы Ош шаардык казыяты имамдардын билимдерин жогорулатып, терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Ош шаардык казыяты Имам-Аль Бухарий Алай  мечитинде  шаардагы имамдарга  жыйын өткөрдү.  Жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн башчысы И.Мурзабеков, МУККнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Ж.Чынгараев, Ош ШИИБинин 10-бөлүмүнөн Н.Калматов, Ош шаардык мэриясынан А.Ажибаев,  Ош шарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев,  казынын  орун басары А.Ташхужаев, Батыш-Чыгыш хатибияттын  баш имамдары, казыят кызматкерлери жана имамдар катышты.

Бул күнү шаардагы имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу, мечиттердин тазалыгын күчөтүү, экстремизм, терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.  Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү өздөрүнүн сунуштарын айтышып, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташууга чакырышты.