Бактияр ажы Шарапов: Дин кызматкерлери эл арасында колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бишкектеги «Хайл Хижра» мечитинин имам хатиби Бактияр ажы Шарапов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте жаштар жана коомчулук арасында терс диний агымдардын алдын алуу, өз өмүрүнө кол салууну токтотуу, адептүүлүктү жогорулатуу жана ата-энени урматтоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Дин кызматкерлери эл арасында колдон келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Биз жашап жаткан доордо жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду чоң. Андыктан дайыма телеканал жана радио аркылуу коомчулук арасында өз кызматыбызды кылуудабыз»,-деди Бактияр ажы Шарапов.