Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында араб тили жана фикх сабагы боюнча олимпиада өтөт

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында казыяттын окуу бөлүмү облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык диний окуу жайдын мүдүрлөрүнүн жана окуу бөлүм башчыларына чукул жыйын өткөрдү. Жыйын алкагында медреселердеги мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү, тажрыйба алмашуу, сабактарды тереӊдетип окутууну жогорулатуу максатында араб тилинин грамматикасы (сарф, наху) жана фикх сабагы боюнча олимпиада өткөрүү, информатика сабагынан ачык сабактарды, семинар-тренингдерди уюштуруу, “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” деген теманын алкагында студенттер арасында дилбаян, ЭССЕ, жат жазуу, баяндама жаздыруу,  казыяттын ЖМК менен байланышуусун күчөтүү, ички тартиптер жана отчетторду өз убагында берүү маселелери каралды.

“Казыяттын окуу бөлүмү тарабынан диний окуу жайларга 2019-жылга карата атайын иш чараларды, семинарларды, спорттук мелдештерди, интеллектуалдык таймаштарды уюштуруу талабы коюлду”,-деди казыяттын маалымат  бөлүмүнүн башчысы  А.Хаджибеков.

Ал эми жыйындын соңунда диний окуу жайлар арасында араб тилинин грамматикасы жана фикх сабагы боюнча олимпиаданын 1-туру үстүбүздөгү жылдын 20-февралында, ал эми 2 туру 25-февралда өтүүсү мерчемделип, тест түрүндө өткөрүү чечими кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин облус казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен хадис, адеп-ахлак сабагы боюнча олимпиадалар  уюштурулган болчу.