Лейлектеги Ормош Сапаров атындагы мектебинин окуучуларына терс диний агымдардын алдын алуу боюнча маалымат берилди

Баткен облусунун Лейлек районундагы  Катран айыл өкмөтүнө караштуу Ормош Сапаров атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына “Экстремизм жана терроризмге жол жок” деген теманын алкагында  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү. Иш чара алкагында Баткен облустук мусулмандар казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов  Ислам дининин баалуулуктары туурасында маалымат берип, жаштарды терс диний агымдардын азгырыктарынан оолак болууга чакырды.

Ал эми Катран мечитинин баш имамы А.Шаботоев, райондук укук коргоо кызматкерлери  М.Маллаев, П.Мамытов жана мектеп директору Ы.Алимов биримдүүлүк менен ынтымак, билим алуу туурасында өз пикирлерин айтышып, мектеп окуучуларын китеп окууга чакырышты. Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, турмуш жолунан алынган таасирдүү видео-роликтер көрсөтүлдү.