Муфтияттын Аппарат жетекчиси жана Бишкек шаарынын казысы калаанын вице-мэри менен жолугушуп, диний абал жана эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев ордо калаанын вице-мэри Куламбаева Асель Мундузбаевна менен жолугушуп, диний абал, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында пикир алышты. Ал эми  шаардын вице-мэри  Муфтият жана казыят менен  иш алып барууга даяр экендигин билдирсе, шаар казысы дин кызматкерлери менен бийлик өкүлдөрүнүн кызматташуусу ийгиликке жетелей тургандыгын билдирди.