Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев ордо калаанын вице-мэри Куламбаева Асель Мундузбаевна менен жолугушуп, диний абал, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында пикир алышты. Ал эми шаардын вице-мэри Муфтият жана казыят менен иш алып барууга даяр экендигин билдирсе, шаар казысы дин кызматкерлери менен бийлик өкүлдөрүнүн кызматташуусу ийгиликке жетелей тургандыгын билдирди.