Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушундагы имам Сарахси мечитине жергиликтүү эл отун топтоп беришти

Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушундагы  имам Сарахси  мечитин жылытуу үчүн жергиликтүү жашоочулар отун топтошту. Кайрымдуулук иши мечит имамы Турат  Ачакеевдин демилгеси менен уюштурулуп, эл колдоого алган.

«Мечитти жылытуу жаатында бир топ түйшүктөр бар эле. Эми минтип элибиз колдоо көрсөтүп, мечитибиз жылыды»,-деди Турат  Ачакеев.