Араван районунан ажылык сапарга баруу үчүн 289 жаран катталды

Ош облусунун Араван районунун аймагынан 2019-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн  289 жаран катталды. Бул боюнча ажылык сапарга каттоо иштерине Араван району боюнча жооптуу адис Абдималик ажы Турсунбеков билдирди.

“2019-жылдын 9-январынан 31-январь күндөр аралыгында банкка төлөмдөрүн төгүп, катталган жарандардын баарынын документтери электрондук каттоо системасына киргизилип бүттү. Учурда өз убагында каттоого үлгүрбөй калып, кайрылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Былтыркы жылга караганда райондун аймагында ажылык сапарга барууга ниет кылган жарандардын активдүүлүгү байкалды жана биометрикалык паспорттун негизинде жарандарды электрондук каттоо тутуму ыкчамдыкка жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө далил боло алды” –деди А.Турсунбеков.