Жайыл районунун Сары-Булак айылынын имамы мектеп окуучуларын китеп окууга чакырып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөдү

Жайыл районунун Сары-Булак айылынын имамы Мырза ажы Төлөгөнөв Сары-Булак орто мектебинин 4-5-6-7-классынын окуучулары менен жолугушуп, аларга ыйман сабагы боюнча баяндама жасады. Айыл имамы окуучуларга экстремизм, терроризм боюнча түшүндүрмө берип, билимдүү болууга чакырды.

«Мектеп окуучулары менен болгон жолугушуу Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиевдин демилгеси менен уюштурулду. Биз, келечек муундарыбызга жакшы тарбия берип, аларга туура багытты көрсөтүп, китеп окууга кызыктырышыбыз керек»,-деди Сары-Булак айылынын имамы.

Ал эми  Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев жаштар арасындагы түшүндүрүү иши жылдык планда каралгандыгын билдирип, дин кызматкерлери терс диний агымдардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.