Бишкек шаарындагы Аммар бин Ясир мечити ай сайын 6 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш жаатында жардам берүүнү колго алган

Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушундагы Аммар бин Ясир мечити ар ай сайын 6 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш жаатында жардам берип келет. Демилге мечит имамы  Мухаммадин Разыков тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү жамаат колдоого алышкан.

«Демилге көтөрүлгөндөн кийин мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз колдоого алышты. Албетте, биз бири-бирибизге камкор жана колу ачык болушубуз керек»,-деди Мухаммадин Разыков.