Ак-Өргө конушундагы «Ыйман» мечити реконструкцияланды

Бишкек шаарынын Ак-Өргө  конушундагы  «Ыйман» мечитинин имам хатиби Улукбек Атакуловдун демилгеси менен мечит реконструкцияланды. Учурда мечитте жыйындар залы, сабак өтүүчү бөлмөлөр ишке кирип, жылуулук системасы коюлду.

«Жергиликтүү элден Алла Таалам ыраазы болсун. Мечитибизге жылуулук киргизип, кыш мезгилинде абдан жакшы шарттар түзүлдү. Эми Ислам динин баалуулуктарын элдин калың катмарына жеткирип, терс диний агымдардын азгырыктарына жол бербөө максатында атайын мечитте орундар каралган»,-деди Улукбек Атакулов.