Жайыл районундагы мечиттерди каттоодон өткөрүү иши тездетилүүдө

Чүй облусунун Жайыл районундагы каттоодон өтө элек мечиттердин документтери бүткөрүлө баштады. Учурда 4 мечиттин тиешелүү документи КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына тапшырылса, 6 мечиттин документи Мамэкотех инспекциясына өткөрүлгөн. Ал эми калган мечиттердин документтери архитектурага жиберилип, учурда мечиттерди каттоодон өткөрүү иши тездетилүүдө.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан берилген тапшырманын негизинде мечиттерди каттоодон өткөрүү иши кызуу жүрүүдө»,-деди райондун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев.