Бишкектин Келечек конушундагы Ас Сабур мечитинин жергиликтүү жамааты муктаж 30 үй-бүлөгө 10 миң сомдук жардам көрсөттү

Бишкек шаарынын Келечек конушунда жайгашкан Ас Сабур мечитинин жергиликтүү жамааты муктаж 30 үй-бүлөгө 10 миң сомдук жардам көрсөттү.  Ас Сабур мечитинин  имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулунун айтымында кайрымдуулук иштерине жергиликтүү тургундар колдоо көрсөтүшүп, азык-түлүк түрүндө жардамдар берилет.

«Кайрымдуулук иши инсандын жүрөгүн жибитип, көңүлүн көтөрөт. Андыктан биз  дайма муктаждарга колдоо көрсөтүп, алардын социалдык абалын оңдоого салым кошолу»,-деди мечит имамы.