Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов 3 күндүк илимий иш сапары менен Баткен облусунда болду

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов 7-8-9-февраль күндөрү  илимий иш сапары менен  Баткен облусунда болду. Иш сапар алкагында Баткен районунун Карабак, Чек, Сары-Талаа айылдарына барып, аял-эркектер үчүн сабактарды өттү. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин мүчөсү катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

«Ушундай эле сабак Баткен шаарындагы Абу-Бакр атындагы мечитте дагы уюштурулду. Ал эми иш сапарынын жүрүшүндө  дин аалымы Баткен облустук казыятын зыярат кылып, казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты”,-деди облустук казыяттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Фуркат Авлиеев.

Иш сапардын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов “Нур” жана “Муаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушуп, аларды терең билим алууга чакырды.