Жалал-Абад облусунун казысы дин комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү менен жолугушуп, 2019-жылы аткарылуучу иштериди талкуулашты

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад  облусундагы өкүлү Кайсарбаев Нурбек Жанарбекович менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында маалымат базаларын түзүү, 2019-жылга карата иш мерчемдерди, иш чараларды уюштуруу, мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү ыкчамдатуу, элет жериндеги имамдардын билим деңгээлин көтөрүү жана башка бир топ маселелерди талкуулашты.