Кумарбек Орозалиев: Жаштарга туура багытты көрсөтүп, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жакындан жардам көрсөтүшүбүз маанилүү

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев Кайыңды, Таш-Башат, Оттук жана Ак-Кыя айылдарындагы мектептердин мугалимдери,  окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда өткөн семинарга катышты.  Семинар алкагында баш имам хатиб балдарга туура тарбия берүү туурасында баяндама жасап, ата-энелерди мээримдүүлүккө, ал эми окуучуларды билимдүү болууга чакырды.

“Албетте, биздин окуучулар сабаттуу болуп, ошол эле учурда мугалимдерин, ата-энелерин сыйлаган атуулдардан болуулары керек. Жаштарга туура багытты көрсөтүп, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жакындан жардам көрсөтүшүбүз маанилүү”,-деди Кумарбек Орозалиев.