Жалал-Абаддагы дин кызматкерлери өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жаңы дем менен башташат

Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларынын баш имам хатибдери, имамдардын  катышуусунда Шамалды-Сай шаарчасындагы имам Аьзам мечитинде жыйын өттү.

Жыйын алкагында:

  • Аймактарды өнүктүрүү жылында имамдардын ролу, (презентация)
  • Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында имамдардын орду кандай болуш керек? (презентация)
  • Айыл округдун жана аймактык башкарманын баш имамынын ар бир айлык планы (презентация)
  • “Канткенде аймактар өнүгөт” сахналашкан көрүнүш ( Арстанбап ата медресесинин студенттери)
  • Ар түрдүү маселелер, кеңешүү жана  2019-жылдагы пландар-тапшырмалар каралды.

Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров, казыят кызматкерлери жана МУКК өкүлдөрү катышып, 2018-жылдагы имамдардын аткарган иш чаралары презентация аркылуу чагылдырылды. Ал эми 2019-жылга карата имамдарга айлык план түзүү боюнча кеп-кеңештер, түшүндүрмөлөр  берилип, мечиттерди каттооодон өткөрүү, тазалыкка  көңүл буруу маселелери дагы ортого коюлду.

“Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө дин кызматкерлери өз салымын кошот деп ойлойм. Бүгүн райондук жана шаардык баш имам хатибдерге имамдар үчүн  компьютердик курстарды уюштуруу, айыл өкмөттөр, аймактык башкармалар арасында жакшылыкта атаандаштыкты күчөтүү, жыл аягында “Мыкты айыл өкмөттүн баш имамы”, “мыкты имам” сыяктуу  номинацияларды ыйгаруу жана 3 айдын ичинде бүгүнкү өтүлгөн жыйында берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү”,-деди облус казысы.

Ал эми Арстанбап ата медресесинин студенттери тарабынан даярдалган  “Канткенде аймактар өнүгөт?” аттуу сахналашкан көрүнүш жыйындын жүрүшүн бекемдеди. Жыйындын аягында  имамдар 2019-жылга карата  бир нече иш пландарды аткарууну көздөшүп, жаңы дем, жаңы күч менен ишти башташа тургандыктарын билдиришти.

Ушундай эле жыйын Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын баш имам хатибдери үчүн Арстанбап ата медресесинин жыйындар залында  өткөрүлдү.