Ош шаарындагы М.Горький атындагы мектепте «Адептүү адам, абийир табат» аттуу жыйын өттү

Ош шаарындагы М.Горький атындагы орто мектептин мугалимдерине жана окуучуларына «Адептүү адам, абийир табат» аттуу жыйын болуп өтүп, ага  Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул каары Осмонов, шаардык мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин торагасы И.Берхмаматов катышты.  Жыйын алкагында Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби окуучуларды ыймандуу, билимдүү, адептүү болууга чакырып, башкысы ата-эне менен мугалимдерди урматтоо керек экендигин эскертти.

«Ата-эне балдарды чоңойдуп, мээримин төгөт жана бардык муктаждыктарын камсыздайт. Ал эми мугалим баланын билим алуусу үчүн өзүнүн бардык энергиясын сарптайт. Ошондуктан балдар ата-эненин жана мугалимдин эмгегин баалап, аларды урматташы керек»,-деди жыйында  Мурзакул каары Осмонов. 

Ал эми катышуучулар окуучуларга өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышып, эң негизгиси билимдүү, боорукер жана кайрымдуу инсан болууга үндөштү.

Эскерте кетсек, жыйын Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулду.