Баткенде азанчылар арасындагы сынактын облустук туру өттү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Мураталы ажы Жуманов» атындагы борбордук мечитте Баткен облустук мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулган азанчылар сынагынын  облустук тандоо туру өттү. Сынакка Баткен облусундагы район, шаарлардан 19 эң мыкты азанчы катышып, 3 женүүчү аныкталды.

Азан айтуу сынагына КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Топчубаев Эрмекбай Асанович,  Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов жана бир катар коноктор катышты.

«Азанчылар арасында өткөн конкурстун жыйынтыгында 1-орунга  I-даражадагы диплом  менен 8000 сом, 2-орунга  II-даражадагы диплом  менен 6000 сом, 3-орунга III-даражадагы диплом  менен 4000 сом сыйлык тапшырылды. Ал эми конкурстун жеңүүчүлөрү республикалык мелдешке жолдомо алышты»,-деди казыяттын маалымат кызматы.