Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовго И.Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 13-февралда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовго И. Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору” наамын ыйгарды. Салтанат окумуштуулар кеңешинин катышуусунда өтүп, КИУнун ректору эки окуу жайдын буга чейинки жылуу мамилеси мындан ары дагы жемиштүү иштердин башаты боло берээрине  ишенимин билдирди.

«Теолог адистерди даярдоодо И. Арабаев атындагы КМУ алгылыктуу иштерди көрсөтүп келет. Учурдан пайдаланып КИУнун  жалпы жамааты ректор Абдишүкүр ажы Нарматовду ардактуу наамдын алуусу менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгилик каалайт!»,-деди КИУнун проректору Бактыбек ажы Ниязов.

Эске салсак, Кыргызстан Ислам Университети менен Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети өз ара келишимге кол коюп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, китепканаларды илимий, адабий китептер менен камсыздоо  сыяктуу иштерде кызматташып келет.