Бишкектеги Жал мечити менен Ас Сабур мечитинин имамы биргеликте футбол боюнча мелдеш өткөрүштү

Бишкек шаарындагы Жал мечитинин имамы  Медетбек Садиев жана Ас Сабур  мечитинин имамы Эркинбек уулу Талгатбек  дин кыматкерлери жана эл арасында  футбол боюнча мелдеш уюштуруп, коомчулукту ынтымакка жана биримдикке чакырышты.

«Спорт-ден соолукту бекемдеп, ортодогу ынтымакты жакшыртат. Андыктан жаштарды спорт менен машыгып, сейрек жашоодо өмүр сүрүүгө чакырабыз»,-деди Медетбек Садиев.