Майлуу-Суу шаарында ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн атайын комиссия түзүлдү

Майлуу-Суу шаардык мэриянын жыйындар залында ысырапкерчиликти токтотуу боюнча жыйын өтүп, ага аксакалдар, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, шаардын мэри Н.А.Мамытов,  вице-мэр М.Ж.Тургунбаев, мэриянын мамлекеттик тил жана дин саясаты боюнча башкы адиси Максатбек кызы Зарина, баш имам хатиб Абсатар ажы Эркинбеков жана имамдар катышты.

Жыйында тойлордо жана маркумду узатууда союштарга жол бербөө, кийит кийгизүүнү токтотуу менен ашыкча чыгымдарды болтурбоо маселеси каралды. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары бул  маселе шаардык кеңештин сессиясына коюлуп, атайын токтом чыгарылаарын убада кылышты.

“Ысырапкерчиликке жол бербөө максатында Абдуллах ибн Масъуд мечитинде аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен  шаар тургундарына жыйын өткөрдүк. Жыйын алкагында ашыкча чыгымдарга жол бербөө үчүн атайын комиссия түзүлдү”,-деди шаар хатиби.