Жети-Өгүз районунун Чырак айылында “Илим жана илимдүүлөрдүн артыкчылыгы” аталышындагы жыйын өттү

Жети-Өгүз районунун Чырак айылындагы борбордук мечитте “Илим жана илимдүүлөрдүн артыкчылыгы”  аталышындагы жыйын өтүп, анын алкагында баш имам хатиб Каныбек ажы Кожогулов билимдин жашоодогу орду туурасында баяндама жасады. Муну менен катар баш имам хатиб ата-энелер балдарды билимдүү, ыймандуу жана адеп-ахлактуу кылып тарбиялоо керек экендигин билдирди.