Жайыл районунун Петровка айылынын имамы терс диний агымдардын алдын алуу максатында сабак уюштура баштады

Жайыл районуна караштуу Петровка айылынын имамы Зиябидин Исаков Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттын тапшырмасына ылайык  Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы,  Мухтасар жана ыйык Куран китебинен сабак өтүүдө.

«Имам-бул коомчулукка туура багыт берүүчү инсан. Ошондуктан биз терс диний агымдардын алдын алып, элибизге туура диний маалыматты жеткирүү үчүн мечитибизде сабак өтүүнү баштадык. Бул өз кезегинде экстремизм, терроризмдин азгырыктарына бөгөт койот деген ишеничтемин»,-деди айыл имамы.