Бишкектеги Ашыралы мечитинин имамы Дордой базарынын күзөтчүлөрү менен жолугушуп, Ислам дининдеги “аманат” принцибин түшүндүрүп берди

Бишкектеги  Ашыралы мечитинин имам хатиби  Рустам ажы Бурханов Дордой базарынын күзөтчүлөрү менен жолугушуп, Ислам дининдеги “аманат”  принцибин түшүндүрүп берди.

Ал өз сөзүндө бирөөнүн аманат буюмуна күзөт кылып, аны  сак-саламат өз ээсине жеткирүү соопту иштердин экендигин айтты. Ошондой эле ал аманатка кыянаттык кылбоого чакырып, күзөтчүлөрдүн ары түйшүктүү иштерине ийгилик каалады.