Бишкектин Келечек жаңы конушундагы аз камсыз болгон 30 үй-бүлөгө 70 миң сомдук жардам берилди

Бишкектин Келечек жаңы конушундагы аз камсыз болгон 30  үй-бүлөдөгү жаш балдарга 70 миң сом өлчөмүндөгү кийим-кечелер таратылды. Бул иш чара Келечек жаңы конушунун имамы Эркинбек уулу Талгатбектин демилгеси менен уюштурулду.

«Ислам дини кайрымдуулуктун дини. Ошондуктан биз кайрымдуу болуп, берешендикти үйрөнөлү»,- деди Эркинбек уулу Талгатбек.