Ажыларды эмдөө дарысын алып келүүгө «Фарватер» фирмасы жоопту болду

Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб 2019-жылдагы ажылык мезгилинде ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөрдү.

Конкурста «Фарватер» фирмасы татыктуу деп табылып, 2019-жылдагы ажыларды эмдөө боюнча дарыларды Кыргызстанга алып келүү милдетин алды.