Сокулук районундагы имамдар аалымдарды жана диний окуу жайларды зыярат кылышты

Чүй облусунун Сокулук райондук хатибияты аймактагы имамдар менен биргеликте аалымдарды зыярат кылышты. Бул күнү дин кызматкерлери Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушуп, хатибияттын ишмердүүлүгү, зыяраттын максатын айтып беришти.

 ««Ааламдарды зыярат кылуу дагы ибадат» деген хадиске амал кылып, айылдагы имамдар менен биргеликте  атайын жолугушуу  уюштурулду. Ошону менен катар диний окуу жайларды кыдырып, мугалимдер менен тажрыйба алмаштык», — дедеди Сокулуктун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.

Муну менен катар хатибият кызматкерлери «Адеп Башаты» фонду, «Дилазык басма үйү»,  «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фондун жана Ынтымак, Арчалы, Байтик Арча-Бешик конушундагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти.