Ысык-Атадагы «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдары төрөттөн жабыркаган Залина Үмөталиеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдук азык-түлүк жардамын тапшырышты

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдарынын демилгеси менен 2018-жылдын 7-ноябрь күнү төрөт маалында мээсине кан куюлуп,   учурда мурду менен тамактанып калган Залина Үмөталиеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдук азык-түлүктөр тапшырылды.

Жардамды тапшырууга Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков катышып, Залина айымдын жакшы болуп кетүүсү үчүн Жараткан Алла Таалага дуба кылышты.

«Аллахты сыркоолоп жаткандардын жанынан издегиле демекчи, төрөттөн жабыркаган  карындашыбызды зыярат кылдык. Аз болсо дагы колубуздан келишинче жардам алып, аны Залина айымдын  ата-энесине тапшырып бердик. Албетте, бул дагы сыноо, тагдыр. Биз  Кудай Тааладан Залина айымдын  сакайып кетиши үчүн жалбарып дуба кылдык»,- деди Бакыт ажы Убабеков.

Эскерте кетсек, Ысык-Ата районуна караштуу «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдары тарабынан Залина Үмөталиевага жардам берүү максатында демилге көтөрүлүп, аны жергиликтүү тургундар колдоого алышкан.