Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү облус жана шаар казылары өздөрүнүн 2018-жылдагы отчетторун тапшырышты

Бүгүн, 18-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү облус жана шаар казылары өздөрүнүн 2018-жылдагы аткарган иштеринин  отчетторун тапшырышты.

Отчеттук жыйынга Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев жана КМДБнын бөлүм башчылары катышты.

Жыйын алкагында облус жана шаар казылары:

  • Ханафий мазхабы, мадрудий акыйдасы
  • Ажылык ишин электрондоштуруу жана ажылыктын шартын жакшыртуу
  • Коомдун диний маалыматтуулугун көтөрүү
  • Квалификациялуу адистерди даярдоо
  • Жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү
  • Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
  • Терс диний агымдар менен күрөшүү
  • Аймактык казыяттарды, хатибияттарды өнүктүрүү
  • Мамлекеттик, коомдук жана эл аралык мекеме-уюмдар менен кызматташуу жана кайрымдуулук иштерин күчөтүү  жаатында отчетторун тапшырышты.

“Мамлекет башчыбыз 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады.  Бул жарлыкка утурлай Муфтияттын жалпы курамы иш план түзүп, 1 жыл аралыгында пландуу иштерди аткарууга жетиштик. Максатыбыз элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдеп, улуттар арасындагы достукту чыңдоо”,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми отчеттук жыйындын акырында облус жана шаар казыларынын отчетторуна “жакшы” деген баа берилип, 2019-жылга карата бир катар тапшырмалар берилди.