2019-жылдагы ажылардын кийимин тигүүчү ишкер аныкталды

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб ажылардын кийимин тигүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөрүп, ага 13 талапкер ат салышты.

Конкурстун жүрүшүндө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын мүчөлөрү ажылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга бааларын беришти.

Ажылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурста бардык талапка жооп бергендиги брюнча УРШ мүчөлөрү жеке ишкер Тилегина Юлиянын ишенимдүү өкүлү Аликжанова Айкөлдү татыктуу деп табышып, 2019-жылдагы ажылыктын формасын тигүү милдетин жүктөштү.

Эскерте кетсек, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабтын курамына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, ИИМ, МУКК, чек ара, мамлекеттик каттоо кызматынан, КР саламаттык сактоо министрлигинен, КР жолдор министрлигинен, Аалымдар Кеңешинен, Борбордук Текшерүү Комиссиясынан жана Муфтияттын курамы киргизилген.