Нарын районунун жаштары «Бир адамдан бир китеп» аттуу иш чаранын алкагында 1900 китеп чогултушуп, айылдын китепканасына тапшырышты

Нарын районунун 8-март айылында “Бир адамдан бир китеп” аттуу иш чара өтүп, ага “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, “Алиппе”, “Сөз жөнүндө сөз” китептеринин автору Сулайман Рысбаев, Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев жана Ак-Кудук, Шоро, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Оттук айылдарынын мугалимдери жана окуучулары катышты.

Бул саамалыктын жүрүшүндө Нуржигит Кадырбеков “Китепкөй улут” деген теманын алкагында чакан семинар уюштурду. Семинарда элдин мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, келечекке болгон аракеттерине дем-күч берип, жакынкы арада КМШ мамлекетердин арасында Кыргызстан китеп окуу боюнча алдыңкы саптарга чыгат деген ишенимин айтты. Андан соң, Нарын районунун баш имам хатиби ата-энелерге жана мугалимдерге балдарга туура тарбия берүү жана аларды китеп окууга кызыктыруу боюнча насаатын айтты.

Иш чара алкагында 8-март айылынын жаштары жалпысынан 1900 даана китеп чогултушуп, айылдын жана мектептин китепканасына өткөрүп беришти. Айрым китептер эл тарабынан чогултулса, айрымдары демөөрчүлөрдүн жардамы менен сатылып алынган. Китептердин басымдуу бөлүгү адабий, тарыхий, диний жана мектеп окуучуларына ылайыктуу предметтик китептерден турат.